Жаңы рейтингде өлкөнүн мыкты натыйжасын Кыргыз-Түрк «Манас» университети көрсөттү — ал аймакта 14-орунду ээлеп, жалпы Азия тизмесинде 256-катарга жайгашты. Окуу жайдын жалпы баллы 47,3 түзүп, QS боюнча төрт жылдызга ээ болду.

«Манас» университетинин көрсөткүчтөрү

47,3жалпы балл
9,7цитата келтирүү (бир макалага)
13,7окутуучуга туура келген макала

Бул көрсөткүчтөр боюнча «Манас» өлкөнүн алдыңкы 30дукка кирген башка окуу жайларынан озуп, илимий эмгектердин таасирдүүлүгү жана окутуучулардын жарыялоо активдүүлүгү жогору экенин далилдеди.

Аймактык рейтингдеги башка окуу жайлар

Борбордук Азиядагы Америка университети (АУЦА) 15-орунга ээ болуп, Азияда 267-катарды алды. Анын жалпы баллы 46,2, ал эми академиялык репутациясы 53,8. Цитата келтирүү көрсөткүчү 7,1, окутуучуга туура келген макалалардын саны — 6,5.

Ош мамлекеттик университети аймакта 23-орунду, Азияда 341-орунду ээледи. Жалпы баллы 41,1 болгон окуу жай төрт QS жылдызына ээ жана академиялык репутациясы 54,3 менен Кыргыз улуттук университети (КУУ) менен Кыргыз-Орус Славян университетинин (КРСУ) көрсөткүчтөрүнөн жогору турат.

Кыргызстандын окуу жайларынын рейтингдеги орду

23ОшМУ — аймакта
26КУУ — аймакта
28КРСУ — аймакта

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети 26-орунга ээ болуп, Азияда 415-катардан орун алды. Анын жалпы баллы 36,9, академиялык репутациясы 46,9.

Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университети 28-орун менен кыргызстандык бештиктин аягында турат: Азияда 466-орун, жалпы баллы 34,4.

Рейтингдин лидерлери

Борбордук Азия рейтингинин алгачкы үч орунун Казакстандын университеттери ээледи. Биринчи орунда Farabi University (мурдагы аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети) турат — ал Азияда 46-орунда жана 85,2 баллга ээ.