Россиянын Федерация Кеңешинин илим, билим берүү жана маданият боюнча комитетинин мүчөсү Александр Ходаев Sputnik пресс-борборундагы брифингде кыргызстандык окуучулардын Россиядагы мектептерге кирүү тартиби боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, Совфеддин делегациясы Жогорку Кенештин депутаттары менен кыргыз жарандарынын Россиядагы мектептик билим берүүгө жетүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу талкуу жүргүздү. Кыргызстандык парламентчтар окууга кирүү тартибин жеңилдетүүнү же тесттердин форматын өзгөртүүнү сунушташкан.

Биз бул темаларды, анын ичинде Кыргызстандын аймагында, КРСУда тест тапшыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатабыз
Александр Ходаев

Сунушталган идея боюнча, окуучулар Россияга бармайынча өз өлкөлөрүндөгү Кыргыз-Россия эл аралык университетинин (КРСУ) базасында сынактан өтүшү мүмкүн болот.