Кыргызстандын түзөтүү мекемелеринде соттолгондор эмгектенип, ай сайын эмгек акы алышы үчүн 36 өндүрүш ишканасы ишке киргизилди. Бул көрсөткүч өткөн жылы өлкө боюнча болгону жети ишкана гана иштегендиги менен салыштырганда бир топ жогору.
Соттолгондор ар кандай багыттар боюнча иштешет. Алардын арасында тигүү цехтери, нан исперишканалары, жылуутуучу котёлдорду чыгаруу, эмерек жасоо жана электроника чогултуу сыяктуу иштер бар.
Эмгек акы кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүнө жараша эсептелет. Орточо эсеп менен кызматкерлер 25 миң сомго чейин акча алышса, айрым соттолгондордун айлыгы 72 миң сомго чейин жетет.
Ишканалардын саны736 +414%





