Жаңы эл аралык изилдөөлөргө таянсак, 2050-жылга чейин борбордук Азиянын айрым райондорунда жай айларындагы дарыялардын агымы 50 пайызга чейин азайышы мүмкүн. Бул жагдай аймактагы эң аярлуу өлкөлөрдүн бири болгон Кыргызстан үчүн өзгөчө коркунучтуу.

Изилдөө иштерине 37 уюмдан 86 илимпоз жана адис катышты. Алар глобалдык жылуулуктун Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан үчүн кесепеттерин изилдешти.

85 пайыз мөңгүлөрдүн жоголушу

Климаттык сценарийлерге жараша, 2100-жылга чейин борбордук Азиядагы мөңгүлөр өз көлөмүнүн ушунчалык бөлүгүн жоготушу ыктымал.

Илимпоздордун айтымында, борбордук Азия дүйнөлүк орточо темптардан бир топ тез ысып жатат. Эгерде парникттик газдардын бөлүнүп чыгышы жогору болсо, XXI кылымдын аягына чейин региондогу температура индустриалдык доорго чейинки деңгээлден 6 градуска чейин көтөрүлүшү мүмкүн.

Мөңгүлөрдүн эриши учурда дарыяларга суунун келишин убактылуу көбөйтүп жатса да, бул процесс түбөлүктүү эмес. Мөңгүлөрдүн запасы түгөнгөндөн кийин, эриген суунун көлөмү кескин азая баштайт.

Бул процесс айыл чарбасы жана суу ресурстары үчүн өтө олуттуу кесепеттерге алып келиши ыктымал.