Кыргызстандагы карылардын көпчүлүгү өз балдарына жана неберелерине материалдык жактан көмөктөшүүдө. Бул тууралуу «Кыргыз Республикасында калктын карышы жана кедейчилик» аттуу серепте көрсөтүлгөн.

Изилдөөлөргө таянсак, өлкөдөгү 55 жаштан ашкан жарандардын 71,6 пайызы балдарына же неберелерине акчалай жардам беришет. Алардын ичинен 31,1 пайызы бул ишти туруктуу негизде аткарат.

Туруктуу жардам көрсөтүүчүлөр

34,2эркектер (туруктуу жардам)
28,9аялдар (туруктуу жардам)
39,2айылдык тургундар
16,9шаардык тургундар

Ошондой эле, 75 жаштан ашкан кыргызстандыктардын 23,2 пайызы балдарына жана неберелерине туруктуу түрдө материалдык колдоо көрсөтүп турушат.

Карылар үчүн жаш муун да маанилүү колдоо булагы болуп саналат. Сурамжылоого катышуучулардын 60,9 пайызы балдарынан жана неберелеринен жардам алышат деп билдиришет.

Шаардык жерлердеги балдар жана неберелер 55 жаштан ашкан жарандардын 70,5 пайызы үчүн колдоо булагы болсо, айыл жерлеринде бул көрсөткүч 55,3 пайызды түзөт. 75 жаштан ашкан карылардын 58,6 пайызы жаштарынан жардам алышат.

Жумуш менен камсыздоо көрсөткүчтөрү

2024-жылдын маалыматтарына ылайык, жаш курактын өсүшү менен эмгекке катышуу деңгээли төмөндөп жаткандыгы байкалат.

Эмгекке катышуу пайызы

48,460-64 жаштагылар (иштешет)
30,665-69 жаштагылар (иштешет)
8,370 жаштан ашкан (иштешет)