Россиянын мамлекеттик жетекчиси Владимир Путин Тынч океандын флотунун машыгуусунда сөз сүйлөп, кээ бир өлкөлөр эл аралык деңиз укугун бузуп, Россиянын тынч соода кемелеринин каттамын чектөөгө аракет кылып жатканын айтты.

Ал мындай аракеттерди 1ират коюу жана басып алуу7 катары баалап, соода кемелерин басып алуу аракеттери иш жүзүндө жүзөгө ашса, Россия ага сөзсүз симметриялык жооп кайтарыш керектигин белгиледи.

Путин ошондой эле Арктика аймагында эл аралык укуктун негизинде кызматташууну улантууга даяр экенин кошумчалады.