Кыргызстанда төртүнчү класстын окуучусу классташтарын трицикл менен ташып жүргөнү аныкталды. Баланы ЖКККБнын кызматкерлери токтотушкан.

Маалым болгондой, окуучу эжесин алып кетүү үчүн бара жаткан. Жолдо баратып классташтарын трициклдин арткы бөлүгүнө отургузуп алган. Бул анын коопсуздук эрежелерин бузушуна алып келген.

Бала эжесин алып кетүү үчүн бара жатып, жолдо классташтарын трициклдин арткы бөлүгүнө отургузуп алган
ЖКККБнын маалыматы боюнча

Окуучунун атасына административдик протокол түзүлдү. Ошондой эле, атасына профилактикалык маек жүргүзүлдү. ЖКККБ ата-энелерди балдарынын жол коопсуздугуна көңүл бурууга чакырат.