Кыргызстанда айыл чарбасын комплекстүү өнүктүрүү жана тармакты реформалоо боюнча 1000 күндүк иш планы иштелип чыгууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, инфляцияга каршы күрөшүү планынын алкагында министрликтин компетенциясына кирген 32 пункт аныкталган. Аларды өз убагында аткаруу үчүн тиешелүү мыйзам долбоорлору даярдалууда.
Реформанын негизги багыттары
- Мамлекеттик колдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу
- Субсидиялоо механизмдерин өркүндөтүү
- Ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү
- Сугат суу менен камсыздоону жакшыртуу жана ирригациялык инфраструктураны өнүктүрүү
- Айыл чарба продукциясын терең кайра иштетүү көлөмүн көбөйтүү
Жүргүзүлүп жаткан иштер фермерлердин жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн иштөө шарттарын жакшыртууга, ата мекендик продукциянын өндүрүшүн кеңейтүүгө жана калк үчүн байкаларлык экономикалык натыйжаларга жетишүүгө багытталган.
















