Кыргызстанда электр энергиясына болгон керектөө акыркы бир суткада 47,5 миллион киловатт саатка жетти. Бул көрсөткүч мурунку жылдын ушул эле күнүндөгү 41,5 миллион киловатт саат көрсөткүчүнөн 6 миллион кВтчга көп.
Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, өлкөнүн энергия системасы учурда нормалдуу кызмат көрсөтүүдө жана кандайдыр бир бузулуулар катталган жок.


