Кыргызстандын мамлекеттик органдары жана банктары эл аралык санкцияларды аткаруу жолдорун талкуулоо максатында жумушчу жыйын өткөрүштү. Бул иш-чараны президенттин өзгөчө тапшырмалары боюнча атайын өкүлү Бакыт Сыдыкoв жетектеди.
Жыйынга экономика жана коммерция министринин өкүлдөрү, Улуттук банк жана соода банктарынын адистери катышты. Алар эл аралык санкциялардын кыргыз тарапка тийгизген таасирин азайтуу үчүн жүргүзүлүп жаткан иштердеги жыйынтыктарды талкуулашты.
Бакыт Сыдыковдун маалыматы боюнча, учурда Британиянын тышкы иштер министрлиги менен АКШнын финансы министрлиги менен бир катар жумушчу жолугушуулар болуп, анда Кыргызстанда санкциялык эрежелерди аткарууда алгылыктуу жыйынтыктар белгиленди.
Өкмөттүк делегация эл аралык өнөктөштөр Кыргызстанда санкцияны айланып өтүүгө жол бербөө механизмдерин жакшыртуудагы аракеттерди жогору баалап жатканын айтып өттү. Өзгөчө компаниялардын өзгөчө тобу, санкция коркунучу жогору болгон субъекттер аныктоодо жана көзөмөлдөдө натыйжалар бар.















