Кыргызстанда салыктык кирешелердин өсүшү салык ставкаларын көтөрүүдөн эмес, системаны модернизациялоодон улам болууда. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» долбоорунун алкагында сөз сүйлөп, мамлекет бизнеске салыктык басымды күчөтүү саясатын жүргүзбөй жатканын белгиледи.
Тескерисинче, акыркы жылдары ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө басым жасалууда. Бул колдоо өзгөчө коомдук тамактануу, айыл чарба, тигүү жана зергерчилик тармактарына кеңири жайылган. Ошондой эле транспорт салыгы жоюлган.
Салыктык процесстердин электрондук форматка өтүшү экономикалык операциялардын ачыктыгын арттырып, буга чейин көмүскөдө калган ишкердиктин расмий каттоого алынышына чоң өбөлгө түзүүдө. Шыкмаматовдун белгилегендей, Кыргызстан салыктык жеңилдиктердин кеңири системасы бар постсоветтик өлкөлөрдүн бири болуп саналат.
Мындан тышкары, бийлик бизнес чөйрөсүндө мыйзамдардын туруктуулугун сактоого көңүл бурууда. Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жылына бир жолу гана бирдиктүү жумушчу топтун сунуштарынын негизинде киргизүү чечими кабыл алынган. Бул ишкерлердин эрежелердин тез-тез өзгөрүшүнөн улам белгисиздикке туш болушун азайтуу үчүн жасалууда.








