Республикалык гемоконтакттык вирустук гепатиттерди жана ВИЧти көзөмөлдөө борборунда өлкөдө дары-дармектердин запасын башкаруу үчүн OpenLMIS маалыматтык системасы расмий түрдө борбордун балансына өткөрүлдү.

Бул системаны киргизүүдө борбордун адистери, эл аралык өнөктөштөр жана системаны иштеп чыгуучулар катышып, OpenLMISтин ВИЧ-инфекция жана гемоконтакттык вирустук гепатиттер программалары боюнча дары-дармектерди жана медициналык каражаттарды башкаруу үчүн адаптацияланышы тууралуу маалымат берилди.

Жыйынтыктоочу бөлүгүндө системанын негизги функционалдык мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлүп, анын учурдагы этаптагы киргизилиши талкууланды.

Андан ары долбоорду ишке ашыруу үчүн биринчи медициналык жардам көрсөтүү уюмдарынын адистери системаны колдонуу боюнча окуудан өткөрүлүп, OpenLMISти практикага киргизүү көздөлүүдө.