Кризисттик борбор «Шанс» социалдык кызматкерлерине эмгек акы төлөнбөй жатканы боюнча министрликке нааразычылык билдирди. Бул маселе 10-июлда министр Канат Сагынбаев менен болгон жеке жолугушууда көтөрүлдү.
Министрлик маалыматына караганда, социалдык кызматкерлер мамлекеттик социалдык заказдын алкагында аялдарга колдоо көрсөтүү долбоорунда иштеп жатышат. Аларга эмгек акысы берилбей, көйгөй жаралган.
Канат Сагынбаев кайрылууну карап чыгып, эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө жана текшерүү кызматына бул маселе боюнча изилдөө жүргүзүүнү тапшырды. Ошондой эле кырдаалды толук иликтөө жана зарыл чараларды көрүү талап кылынат.

