Кыргызстанда персоналдык маалыматтардын сакталуусун жана мыйзамдуу иштетилишин көзөмөлдөө үчүн текшерүү жүргүзүү укугуна ээ болууну каалаган жеке жана юридикалык жактар аккредитациядан өтүп, жыл сайын төлөм төлөшү керек.
Учурда бул өзгөртүүлөр коомчулуктун талкуусуна коюлуп, аккредитация төлөмдөрүн эсептөө методологиясынын долбоору каралууда.
Жаңы түзүлө турган төлөмдүн максаты - персоналдык маалыматтарды коргоо жаатында иш алып барган уюмдардын жоопкерчилигин жана контроль системасын бекемдөө болуп саналат.









