Блогерлер, психологдор жана финансы боюнча консультанттар өзүнүн билимин жана тажрыйбасын ачык билдирүүгө милдеттүү болот. Бул үчүн «Жарнама жөнүндө» жана «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси кошулду.

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примовдун сунушу боюнча, эксперттер келишим түзүүгө чейин өзүнүн билими, алган сертификаттары жана иш тажрыйбасы тууралуу маалымат бериши керек. Эгерде адистин жогорку билими же тажрыйбасы жок болсо, ал бул тууралуу өзүнүн платформасында түз жазуу менен билдириши шарт.

Сертификаттарды жасалмалоого тыюу салынат

Жаңы долбоор кыска мөөнөттүү вебинарлардан алынган сертификаттарды жогорку окуу жайдын диплому катары көрсөтүүнү тыюу салат. Ошондой эле, адистин тажрыйбасы же лицензиясы тууралуу жалган маалымат берүү жалган жарнама катары эсептелет.

Бул демилге рыноктогу тартипти сактоого багытталган. Адистер үчүн лицензиялоо же мамлекеттик реестр түзүү сыяктуу катаал тоскоолдуктар түзүлбөйт, ал эми акысыз пайдалуу блогдор бул эрежелердин алкагына кирбейт.