Жогорку Кенештин депутаты Бурул Аманова парламенттин жыйынында онкология борборунун бейтаптарынын маселесин көтөрдү. Анын айтымында, мамлекет тарабынан акысыз дарылануу убадаланган болсо да, иш жүзүндө бейтаптар бир дарылоо курсу үчүн болжол менен 25 миң сом төлөөгө мажбур болуп жатышат.
Акысыз дарылоо тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Химиялык терапия үчүн дарылар да жок.
Депутаттын белгилегендей, жарандар дарылардын жоктугу боюнча арыз менен кайрылып келишүүдө. Бул себептен ал Саламаттык сактоо министрлигине онкологиялык оорулууларды зарыл дары-дармектер менен акысыз камсыз кылуу боюнча чара көрүүгө чакырык таштады.
Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Бахадыр Бебезов бул маселе боюнча өзүнүн түшүндүрмөсүн берди. Анын айтымында, мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча бейтаптар болгону кошумча төлөмдү гана төлөшөт, ал эми химиялык терапия жана паллиативдик жардам акысыз көрсөтүлөт.
- трастузумаб эмтанзин 160 мг (Швейцария)
- капецитабин 500 мг (Индия)
- доцетаксел 80 мг (Индия)
- винкристин 2 мг (Индия)
- цисплатин 50 мг (Индия)
- доксорубицин 50 мг (Индия)
- палбоциклиб 125 мг (Индия)
- ритуксимаб 500 мг (Индия)
- ниволумаб 100 мг (Индия)
- трастузумаб 600 мг (Швейцария)
- пертузумаб 420 мг (Швейцария)
- циклофосфамид 200 мг (Беларусь)
- золедроновая кислота 4 мг (Беларусь)
- гемцитабин 1000 мг (Индия)
- гозерелин-лонг 3,6 мг (Россия)
- паклитаксел 100 мг (Индия)
- летрозол 2,5 мг (Индия)
- анастрозол 1 мг (Индия)
- лапатиниб 250 мг (Индия)
- эверолимус 10 мг (Индия)
Борбордун директору учурдагы химиялык дарылардын тизмесин келтирди жана дарылар акысыз экенин баса белгиледи.










