Иранда белгилүү ырчы Парсту Ахмади адеп-ахлакты бузгандыгы үчүн 74 камчы союлду. Анын жана музыкалык топтун төрт мүчөсүнүн жазасы бирдей болду. BBC медиасы тарабынан берилген маалыматка ылайык, ар бирине 74 камчы союлду.
Жазалоо иштери Кум шаарындагы кылмыш жазаларын аткаруу башкармалыгынын үчүнчү бөлүмүндө өткөн. Бул процесс ачыкка чыгарылган эмес. Адвокаттардын айтымында, айып Парсту Ахмадинин 2024-жылы YouTube каналында түз эфирде көрсөтүлгөн концертинен келип чыккан.
Ошол учурда 29 жаштагы артист ийиндери ачык көйнөк кийип, башына хиджаб тагынбай чыккан. Ирандын мыйзамдары аялдардын коом алдында ырдоосуна тыюу салат жана алардын хиджаб менен жабык кийим кийүүсүн талап кылат.
2026-жылдын июнь айында Кум шаарындагы кылмыш сотү аял менен дагы сегиз адамды «уятсыз жана адепсиз материалдарды» жайылтуу аркылуу «коомдук адеп-ахлакты кордоо» иши боюнча күнөөлүү деп тапкан. Соттолгондор айыпты четке кагышкан.
Камчы союудан тышкары, соттолгондорго эки жыл бою видео жана аудио материалдарды жаздырууга, ошондой эле чет өлкөгө чыгууга тыюу салынды.












