Министрлер Кабинетинин токтомдук долбоору боюнча адвокаттардын кызмат акысын эки эсеге жогорулатуу сунушталууда. Бул документ Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруу максатында иштелип чыккан.
Долбоорго ылайык, эсептөө көрсөткүчтөрү менен белгиленген бардык колдонуудагы тарифтер эки эсеге көбөйтүлөт. Бул өзгөрүү кылмыш, жарандык, административдик иштерди жана укук бузуулар боюнча иштерди жүргүзгөн адвокаттардын акысына тиешелүү болот. Ал эми кызматтардын тизмеси, төлөмдөрдү эсептөө негиздери жана тарифтердин түзүмү өзгөрүүсүз калат.
Негизги максат — адвокаттарды мамлекеттик юридикалык жардам системасына көбүрөөк тартуу жана алардын кызыгуусун арттыруу. Ошондой эле, бул кадам республиканын алыскы райондорунда байкалып жаткан квалификациялуу адистердин жетишсиздигин чечүүгө жардам берет.
Төлөмдөрдү жогорулатуу үчүн республикалык бюджеттен кошумча 161,1 миллион сом бөлүп берүү талап кылынат. Финансы министрлигине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган. Жаңы токтом күчүнө киргенге чейин өтүү мезгили каралган: эгер адвокат жаңы токтом күчүнө киргенге чейин дайындалган болсо, анда анын акысы мурунку тарифтер боюнча төлөнө берет.




