Кыргызстанда “экологиялык таза” деп сатылган бир катар продукциялардын курамында каннабис аныкталганы коомчулукта чоң талкууну жаратты. Бул жагдай боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги атайын корутундусун чыгарды.

Чуу жараткан бул окуяга чейин, Ички иштер министрлиги расмий жарманкеге катышууга камданып жаткан бир катар ишкерлерди кармаган болчу. Алардын ишмердүүлүгү аталган чырга байланыштуу текшерилген.