Кыргызстанда глисттерге каршы дары катары колдонулган «Декарис» препаратынын сатылышы жакын арада токтотулат.

Бул чечим препараттын өндүрүүчүсүнүн катталуусун жокко чыгаруу тууралуу арызын жалпыга маалымдоо каражаттарына билдиргени менен байланыштуу берилди.

Европа өлкөлөрүндө «Декарис» дарыларынын байкалган олуттуу терс таасири — баш мээнин жабыркашы күтүлбөгөн коркунуч туудургандыгы аныкталган.

Кыргызстандын Дары-дармек материалдарын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө департаменти бул арыз келип түшкөнүн расмий ырастады.