Бишкек шаарында Кыргызстандын Министрлер Кабинети № 534-т буйругу менен БУУнун сунуштарын көзөмөлдөө боюнча улуттук маалымат базасынын санарип платформасын ишке киргизүү боюнча пилоттук долбоорду бекитти. Бул демилге балдардын укуктарын коргоо жаатындагы эл аралык милдеттенмелерди аткарууга багытталган.
Долбоорду ишке ашырууга Адилет министрлиги, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, ошондой эле Президенттин Администрациясынын Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катчылыгы жооптуу болуп дайындалды. Ишке ашыруу мөөнөтү 2028-жылдын 31-декабрына чейин белгиленген.
Платформа БУУнун Балдар укуктары боюнча комитетинин жыйынтыктоочу корутундуларын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын көзөмөлдөө үчүн колдонулат. Бул план Кыргызстандын Балдардын укуктары жөнүндө конвенцияны аткаруу боюнча бириктирилген бешинчи жана алтынчы мезгилдүү баяндамаларынын жыйынтыгында бекитилип, 2025-2028-жылдарга эсептелген.
Пилоттук долбоорго аткаруу бийлик органдары, Жогорку сот, Башкы прокуратура, Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик, Улуттук статистика комитети, Акыйкатчы (омбудсмен) аппараты, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да тартылган. Алар долбоорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүп, жеке маалыматтарды коргоо мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматтарды өз убагында маалымат базасына киргизүүгө милдеттүү.
Адилет министрлиги платформаны киргизүү жана кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүү боюнча долбоордун жалпы координациясын камсыздайт, ошондой эле санариптик өнүктүрүү жана маалыматтык коопсуздук жаатындагы ыйгарым укуктуу органдар менен биргеликте иш алып барат.