Мелдештин уюштуруучулары билдиргендей, 30-октябрда квалификациялык айдоолор өтөт, ал эми 31-октябрда саат 12:00дөн баштап финалдык жуптук айдоолор башталат. Алардын жыйынтыгында этаптын жеңүүчүлөрү жана 2026-жылкы сезондун чемпиондору аныкталат.
Чемпионаттын алгачкы эки этабы «Ганси» аянтчасында өткөн. Финалга чейин жалпы эсепте 426 упай менен кыргызстандык Санжар Гусенов алдыда келе жатат. Экинчи орунда 346 упай менен дагы бир кыргызстандык Курбан Имма турат. Ошентип, чемпиондук наам акыркы айдоолордо чечилет.
Бул сезондо мелдешке бардыгы 42 учкуч катышкан.
Жаңы комплекс жана көрүүчүлөр үчүн программа
Финалдык этап ошондой эле жаңы «Тайган» автоспорт комплексинин техникалык ачылышына арналып, көрүүчүлөргө көңүл ачуу программасы даярдалган: дрифт-такси, Legal Car Show унаа көргөзмөсү, JAX, Бегиш жана FREEMAN аттуу аткаруучулардын чыгуулары, ошондой эле фудкорт иштейт.
Иш-чара этаптын жеңүүчүлөрүн жана сезондун чемпиондорун сыйлоо аземи менен аяктайт.
Мелдеш өтө турган жер: АМСК «Тайган», Мраморное айылы, «Ганси» аянтчасынан 2 чакырым аралыкта. Датасы: 2026-жылдын 30–31-октябры.
- 30-октябрь
Квалификациялык айдоолор өтөт
- 31-октябрь, 12:00
Финалдык жуптук айдоолор башталат, жеңүүчүлөр аныкталат

















