Кыргызстандын жана Өзбекстандын өкүлдөрү Баткен облусунун Кадамжай шаарында биргелешкен жумушчу комиссиясынын отурумун өткөрдү.

Жыйындын негизги максаты - эки тараптуу жер алмашуу боюнча уюштуруу жана техникалык маселелерди талкуулоо болду.

Бул демилге чектеш аймактардагы жер ишинин татаалдыгын азайтып, жарандардын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча тараптар жерлерди алмашуу процессин мындан ары да ийгиликтүү улантуу боюнча макулдашууга жетишишти.