Медербек Сатыев башында турган Жогорку сот Ош жана Нарын облустарында президент менен жолугушууда келип түшкөн жарандардын кайрылууларын иликтөөнү тапшырды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы онлайн жыйында билдирди.
Иликтөө иштерин атайын түзүлгөн жумушчу топ жүргүзүп, жарандардын нааразычылыктарын жана көйгөйлөрдү аныктоо менен аларды чечүү боюнча сунуштарды даярдайт.
Жыйындын жүрүшүндө 11-майдан тарта өлкө боюнча жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жетекчилеринин жарандар менен ачык жолугушуулары өтүп жатканы кабарланды. Бул иш-чараларга областтык соттордун төрагалары менен Бишкек шаардык сотунун төрагасы катышты.
Ошондой эле 30-июнда Чолпон-Атада өткөн республикалык жыйында президенттин тапшырмаларын аткаруу маселелери каралды. Ага ылайык, Жогорку сот эксперттик аянтчалар, тегерек столдор жана башка кеңеш берүүчү жыйналыштарды тынымсыз уюштуруп турууга милдеттүү.















