Кыргызстан менен Россиянын ортосунда жылуулук, транспорт жана мамлекеттик секторлор үчүн керектелүүчү 100 миң тонна күйүүчү-майлоочу материалдарды ар айында берүү тууралуу макулдашуу түзүлдү.

Бул келишим быйылкы жылдын аягына чейин иштейт жана өлкөдө отун-энергетикалык тармактагы туруктуулукту сактоого багытталган.

Күйүүчү-майлоочу материалдар негизинен биржа баалары менен сатып алынат. Бул механизм рыноктук экономика шарттарында иш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.