Бүгүн Абу-Даби шаарында Украинадагы кырдаалды тынчтык жолу менен чечүү боюнча сүйлөшүүлөр башталууда. Азыркы учурда келишимге келүү үчүн Киев, Москва жана Вашингтон делегациялары БАЭнин борборунда болушууда.

Буга чейин АКШ, Россия жана Украина өз өкүлдөрүнүн курамын аныкташкан. Европалык чиновниктер дагы БАЭдеги сүйлөшүүлөргө катышарын билдиришкен, бирок Кремль бул маалыматты четке кагып, жолугушуу үч тараптуу форматта өтөрүн баса белгилеген.

АКШ президентинин атайын өкүлү Джаред Кушнердин айтымында, ал жана Дональд Трамптын дагы бир атайын элчиси Стив Уиткофф негизги сүйлөшүүлөрдөн мурун европалыктар менен жолугушат. Бул консультацияларга Евросоюздун, НАТОнун, Германиянын, Франциянын, Улуу Британиянын жана Италиянын өнөктөштөрү катышат. Кушнердин тактамасы боюнча, бул жолугушуулардын максаты — Европанын коопсуздугу жана Украинанын согуштан кийинки келечеги боюнча аракеттерди координациялоо. Демек, негизги үч тараптык сүйлөшүүлөр өтө турган залга Евросоюздун өкүлдөрү киргизилбейт.

Үч тараптуу сүйлөшүүлөр коллективдик коопсуздук принциптерин макулдашууга багытталат.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров үч тараптуу сүйлөшүүлөр коллективдик коопсуздук принциптерин макулдашууга багытталарын айткан. Ал эми Дональд Трамп конфликттин тез арада бүтүшүнө дагы деле ишенерин билдирип, жөнгө салуудан кийин Украина «бир аз башкача формада» болорун белгилеген.

RTVI булагынын маалыматы боюнча, Абу-Дабидеги европалык делегацияны Урсула фон дер Ляйендин аппаратынын жетекчиси Бьорн Зайберт башкарат. Ошондой эле Франциядан Елисей сарайынын дипломатиялык кеңешчиси Абу-Дабиге келүүдө.