Кыргызстанда «Центр-2026» аталышындагы биргелешкен тактикалык машыгуу расмий түрдө 11-августта аскер бөлүмүнүн базаында башталды.

Машыгууга Кыргызстан менен Россиянын куралдуу күчтөрүнөн болжол менен 500 аскер кызматкери, 100дөн ашык аскердик техника жана куралдар тартылды.

Ошондой эле учурунда согуштук FPV-дрондор жана эки өлкөнүн аскер аба күчтөрүнүн техникалары колдонулуп, биргелешкен аракеттер көрсөтүлдү.

Иш-чаранын ачылыш салтанатына машыгуунун башчысы Алмазбек Кожошев, Россиянын 201-аскер базасынын орун басары Дмитрий Лакеев жана Балыкчы шаарынын мэриясынын жетекчиси Гульнара Кукеева катышты.

Муну менен эки өлкө ортосундагы коргоо тармагындагы кызматташтык дагы бекемделүүгө багытталган.