Кыргызстанда банктык алдамчылык учурлары көбөйүүдө. Улуттук банктын маалыматы боюнча, жыл башынан бери 147 арыз келип түшкөн. Алардын 69унда алдамчылар адамдардын атынан кредит алган.

Калган арыздарда жарандар алдамчылардын таасири астында акча которгон, банк карталарын шектүү сайттарга, анын ичинде интернет-дүкөндөргө байлаган. Ошондой эле карталарды алдамчылык операцияларга шектелип бөгөт коюу учурлары да катталган.

Регулятор жабырлануучуларга канча каражат кайтарылганы боюнча өзүнчө статистика жүргүзбөйт. Улуттук банкта белгилешкендей, көп учурда адамдар алданып, акчаны өздөрү которуп жиберишет.

Эгер шектүү транзакция өз убагында бөгөттөлүп, алдамчылар акчаны подставкалардын эсептери аркылуу чыгарып кете элек болсо, каражатты кайтарууга болот.
Улуттук банктын басма сөз кызматы

Бирок алдамчыларга каршы натыйжалуу курал бар — кредит алууга өзүнө тыюу салуу. Бул механизм жаранга өз атынан кредит алууга убактылуу тыюу салууга мүмкүндүк берет.

Өзүнө тыюу салуу кантип иштейт?

«Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзамдын 21-беренесине ылайык, каржы-кредит уюмдары кредиттик бюролор аркылуу кардарда өзүнө тыюу салуу бар-жогун текшериши керек. Эгер тыюу салуу иштеп турса, банк же башка каржы уюму насыя берүүдөн баш тартууга милдеттүү.

Документтен

Өзүнө тыюу салуу иштеп турган учурда түзүлгөн кредиттик келишим жараксыз деп табылат.
«Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзамдын 21-беренеси

Демек, эгер каржы уюму жарандын өзүнө тыюу салуусун этибарга албай, кредит берсе, келишим күчүн жоготот. Мындай учурда банк карызды жоюп, карыз алуучуга дооматын кайтарып алууга милдеттүү.

Бул механизм жарандарга алдамчылардын аракетинен улам келип чыккан каржылык жоготуулардан олуттуу коргоо болуп саналат.

Эмне белгилүү

  • Жыл башынан бери Улуттук банкка 147 арыз келип түшкөн
  • 69 арыз алдоо жолу менен кредит алууга байланыштуу
  • Өзүнө тыюу салуу иштеп турса, кредиттик келишим жараксыз деп табылат

Азырынча белгисиз

  • Жабырлануучуларга канча каражат кайтарылганы белгисиз