Кыргызстандын белгилүү жазуучусу Султан Раевдин «Сивогривый» чыгармасы монгол тилинде басылып чыкты. Китеп Монголиянын борбор шаары Улан-Баторда жарык көрдү.
Чыгарманын монгол тилине которулушу жергиликтүү окурмандар үчүн заманбап кыргыз адабияты жана улуттук жазуучулар мектебинин таанымал өкүлдөрүнүн чыгармачылыгы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет.
Султан Раевдин эмгектери дүйнөнүн 20ден ашык тилине которулганын белгилей кетсе болот. Бул жазуучунун чыгармалары кыргыз адабиятынын чет өлкөлөрдө таанылуушуна шарт түзүүдө.
Буга чейин Монголияда улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары басылып келген. Ал эми «Сивогривый» китеби Султан Раевдин монгол тилиндеги алгачкы басылышы болуп саналат жана монгол окурмандарынын арасында кызыгууну жаратууда.









