Тажикстандын борбору Душанбеде Мамлекеттик жер башкаруу жана геодезия комитетинин төрагасы Ориф Ходжазода журналисттерге Тажикистан менен Кыргызстан ортосундагы мамлекеттик чек араны белгилөө иштерин 2027-жылга чейин жыйынтыктоо максат кылынып жатканын билдирди.
Анын айтымында, азыркы убакта 416 чакырымга жакын чек ара тилкеси боюнча чек ара чекиттери аныкталып, анын ичинен 300 чакырым аралыктагы инженердик иштери дээрлик аяктап калды. Жалпысынан инженердик иштердин 90 пайыздайы аткарылды.
Эң татаал бөлүгү Согд облусунун аймагындагы тилке болгон, ал дээрлик бүттү. Калган иштер эки өлкөнүн ортосундагы түшүнүшүү менен жүргүзүлүп, 2027-жылга чейин толугу менен аяктары күтүлүүдө.
2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында Тажикистан менен Кыргызстан ортосунда Мамлекеттик чек ара тууралуу келишим кол коюлган. Андан кийин тараптар жергиликтүү аймакта макулдашылган чек ара линиясын белгилөөдөн башташты.
Чек аранын жалпы узундугу 1008,14 чакырымды түзөт, ал эми нейтралдуу абалдагы бөлүктөрдүн жалпы узундугу 14,07 чакырымды түзөт.












