Кыргызстандын төрт ремеслениги Түштүк Кореяда үч айлык резиденциялык окуудан өтүшүп, маданий туризмди жана салттуу өнөрдү өнүктүрүү боюнча тажрыйба бөлүшүштү.
Бул программа 2023–2026-жылдарга каралган «Кыргызстандагы маданий туризмди салттуу ремеслелерди өндүрүү аркылуу өнүктүрүү жана алардын санарип маркетинг потенциалын жогорулатуу» долбоорунун алкагында ишке ашырылды.
Апрелде өткөрүлгөн тандоо сынагынан ийгилик менен өткөн төрт ремесленик Түштүк Кореянын Чхонджу жана башка шаарларында мастер-класстарда, семинарларда жана билим берүү иш-чараларында катышты.
Программа учурунда катышуучулар заманбап технологиялар жана жаңы ыкмалар менен таанышып, эл аралык тажрыйба топтоп, кесиптик байланышын кеңейтти.
Резиденцияны аяктоо менен ар бир катышуучу алган билими жана тажрыйбасынын негизинде өзүнүн уникалдуу эмгегин жараткан.



















