Сатып алуу порталынын маалыматы боюнча, 11-ноябрда «Кыргыз Агрохолдинг» ААК картошка сактоочу имараттын инженердик бөлүгүн куруу-монтаждоо иштерин жүргүзүү үчүн тендер жарыялаган. Бул долбоор Ат-Башы айылында ишке ашырылат.
23 076 000 сом иштердин жалпы суммасы
инженердик бөлүктү куруу-монтаждоо иштери үчүн каралган бюджет
Иштердин тизмесине имараттын иштеши үчүн зарыл болгон бардык негизги коммуникациялар кирет. Анын ичинде суу түтүгү, канализация, жылуутуу, вентиляция, өрт коопсуздугунун сигнализациясы жана электр менен камсыздоо иштери бар.
Мындан тышкары, долбоордун алкагында трансформатордук подстанция куруу, сырткы жарыктандыруу, суу резервуарларын орнотуу жана аймакты көрктөндүрүү иштери каралган.
- Иштерди аткаруу мөөнөтү — 21 күн
- Кепилдик мөөнөтү — 24 ай






