Кыргыз-орус славян университети (КРСУ) Россия Федерациясы каржылаган бюджеттик орундарга абитуриенттерди кошумча кабыл алууну баштаганын маалымдады. Бул тууралуу окуу жайдын өкүлдөрү билдирди.
Документтерди 12-августтан баштап тапшырууга болот.
- Костюм искусствосу
- Педагогикалык билим берүү (математика, башталгыч билим берүү, орус тили жана дене тарбия)
Университет бош орундардын саны, документтерди тапшыруу мөөнөттөрү жана кирүү сынактары тууралуу толук маалыматты өзүнүн расмий сайтында жарыялайт.
Кабыл алуу комиссиясы дүйшөмбүдөн ишембиге чейин саат 08:00дөн 20:00гө чейин иштейт.









