Кыргызстанда өз атына кредиттерди жана займдарды тариздөөгө өз ыктыярдуулугу менен тыюу коюу механизми ишке киргенге бир жыл өттү. Улуттук банктын расмий маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-ноябрына карата 200,1 миң жарандын кредит алууга өз алдынча тыюу коюу статусу дагы деле активдүү бойдон калууда.

Кредит алууга тыюу коюу боюнча маалымат

304,9жаран бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланган
200,1жарандын статусу активдүү

2025-жылдын 1-ноябрынан 2026-жылдын 1-ноябрына чейинки мезгил ичинде 304,9 миң жаран өз атына насыя алууну чектөө мүмкүнчүлүгүн колдонгон. Бул механизм жарандардын каржылык коопсуздугун жогорулатуу жана алардын макулдугусуз кредиттердин алынышын алдын алуу максатында киргизилген.

Кантип тыюу коюу керек?

Өзүнө тыюу коюу кызматын «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу акысыз жана ыктыярдуу түрдө орнотсо болот. Ал үчүн тиркемеден «Кредит алууга өз алдынча тыюу коюу» опциясын иштетүү, керектүү кредиттик бюрону тандоо жана сурам жөнөтүү жетиштүү. Тыюу мгновендик түрдө активдештирилет.

Эгерде чектөөлөнүү бир нече кредиттик бюрода орнотулган болсо, аны ар биринен өзүнчө алып салуу зарыл. Чектөөлөрдү алып салуу өтүнүч берилген учурдан тартып 12 сааттан кийин ишке ашат.