Конституциялык соттун онго жакын чечими аткарылбай жаткандыгы белгилүү болду. Бул тууралуу Жогорку Кенештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинин жыйынында Конституциялык соттун судьялыгына талапкер, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Конституциялык соттогу туруктуу өкүлү Алмазбек Молдобаев билдирди.
Алмазбек Молдобаев чечимдердин аткарылбай калышына мисал катары бир нече маанилүү учурларды келтирди. Анын айтымында, көпчүлүк чечимдер өз убагында аткарылып жатат, бирок айрым маселелер боюнча аткаруу мүчүлүштүктөр бар.
- 27-ноябрь, 2015-жыл
Сот «бардыкка каршы» деген талапкерлердин өз алдынча үгүт жүргүзүүсүнө тоскоол болгон чектөөлөрдү конституциялык эмес деп тапкан жана парламентге шайлоо мыйзамдарындагы боштуктарды толтурууну тапшырган.
- 29-июнь, 2022-жыл
Салык кодексинин 87-беренеси боюнча салык карызы бар жарандардын өлкөдөн чыгуусун чектөө боюнча чечим чыгарылган. Бул чечим азыркы учурда жарым-жартылай гана аткарылууда.
Салык маселеси боюнча Министрлер Кабинетине соттордо мындай иштерди кароонун процессуалдык тартибин так регламенттештирүү тапшырылган болчу. Учурда Министрлер Кабинетинин төрагасынын кол коюусу менен келген бир нече мыйзам долбоорлору Жогорку Кенеш тарабынан четке кагылып, алардын үстүнөн кошумча иштер жүрүп жатат.
Депутаттар Конституциялык соттун чечимдери акыркы жана ага даттануу мүмкүн эмес экенин, ошондой эле алардын аткарылышы милдеттүү экенин эскертишти. Алар бул багытта кызматташтыкты күчөтүү зарылдыгын белгилешти.












