Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылында 1981-жылы төрөлгөн Жыпара Жусупова өзүнүн жашоо жолун өзгөртүүгө мажбур болгон. 2021-жылы ден соолугуна байланыштуу, тактап айтканда, нефроптоз оорусунун алдында турганда, дарыгерлер оор жүк көтөрбөй, жеңил спорт менен алектенүүнү сунуштаган. Бул окуя анын йога менен таанышуусуна себеп болгон.

Жыпара Жусупованын айтымында, ал алгач Бишкекке барып машыккан, бирок аралык алыс болгондуктан, өзүнүн студиясын ачууну чечкен. Анын кызынын кеңеши менен ал бул тармакта билим алып, кийин аялдарды окутууну баштаган.

Менин балалыгым атасынын тарабынан чоң энем менен өткөн. Кийин турмушка чыгып, Кемин шаарында келин болдум. Үй-бүлөдө алты балабыз бар. 1999-жылдан бери турмуштамын. Төрт баланын энесимин. Эки кызым жогорку окуу жайларды бүтүрүп, азыр өз алдынча тренер болуп иштеп жатышат. Уулум 11-класста окуйт, ал эми кенже кызым 1-класста.

Азыркы учурда анын жеке студиясында ар кандай курактагы аялдар машыгышат. Ошондой эле, ал операциядан кийин денесин калыбына келтирүүнү каалаган бейтаптарга көмөк көрсөтөт.