Казакстанда ишкер Икрам Нурмашовдун каза болушунан кийин үй-бүлөлүк чыр курчуп кетти. Анын 17 жаштагы кызы туугандары аны жана энесин бир нече жыл чогуу жашаган үйүнөн кууп чыгышканын айтып, видео кайрылуу жазды. Бул тууралуу Tengrinews.kz билдирди.
12-сентябрда Павлодар облусунда Иртыш дарыясында беш киши бараткан кайык оодарылып кеткен. Төрт киши куткарылып, бир киши дайынсыз жоголгон. Анын сөөгү 18-сентябрда табылган. Каза болгон адам ишкер Икрам Нурмашов экени аныкталган. Артында жубайы Анара менен 17 жаштагы кызы калган.
19-сентябрда өткөн тажиядан кийин каза болгон адамдын үй-бүлөсү менен туугандарынын ортосунда мүлк маселеси боюнча чыр башталган.
Кыз туугандарын айыптоодо
Кыздын айтымында, атасынын тарабындагы чоң энеси, байкеси жана эжелери аны менен энесинин үйдөн чыгып кетишин талап кыла башташкан. Өспүрүм туугандары аларды кемсинтип, чатак чыгарышканын белгилеген.
Аял кызы менен бир жолу иштери менен сыртка чыгып кетип, кайтып келгенде дарбазадагы кулпулар алмаштырылганын көрүшкөн. Үйгө кире алышкан эмес.
Кийинчерээк милициянын көмөгү менен аларга жеке буюмдарынын бир бөлүгүн алууга уруксат берилген. Бирок үйдө эмерек, тиричилик техникасы жана башка мүлктөр калган.
Видео кайрылуу бир сутканын ичинде 3,5 миллиондон ашык көрүлүп, социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты.
Үйгө эмне себептен талашып жатышат?
Tengrinews.kz кабарлагандай, үй-бүлөнүн юридикалык консультанты Серик Беркамаловдун айтымында, ишкердин үйү анын атасынын атына катталган. Ошондуктан туугандары мүлккө укуктуу экенин айтып жатышат.
Учурда тараптар ортосундагы талаш-тартыш уланууда. Кыз жана анын энеси укук коргоо органдарына кайрылышканын билдиришти.

















