Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунун жашоочусу Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын курулуш аянтынын айланасындагы чаңга нааразычылыгын билдирди. Анын айтымында, Анкара көчөсүндөгү курулуш аянтынын жанындагы жолду сугарбагандыктан, транспорт каражаттары өткөндө калың чаң көтөрүлүп жатат.

Бул жерде дем алууга мүмкүн эмес. Жанында балдар ойноп жатат. Буга көңүл буруңуздар.
Кайрылган жашоочу

Жашоочу Курулуш министри Нурдан Орунтаевге кайрылып, чаңды азайтуу үчүн тиешелүү чараларды көрүп, курулуш иштери жүргүзүлүп жаткан аймакта жолду дайыма сугарууну уюштурууну суранган.