2026-жылдын 26-ноябрында ТӨКүнүн Контролдук-ревизиялык тобунун жетекчиси А. М. Айбалаева банк чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушууга катышты. Түшүндүрмөлөргө караганда, жолугушуу Кыргыз Республикасынын Президенти болуш үчүн талапкерлердин шайлоо фонддоруна ыктыярдуу түрдө кайрымдуулук кылуу тартибин жеңилдетүү маселелерине арналган.
ТӨК тарабынан каражат которуунун иштеп жаткан механизмдерин максималдуу түрдө жөнөкөйлөтүү зарылчылыгы айтылды. Бул үчүн мобилдик банктык тиркемелерди, электрондук капчыктарды жана QR-төлөмдөрдү колдонуу сунушталды. Мындай кадам жарандарга талапкерлердин фонддоруна каражатты ыңгайлуу жана түшүнүктүү формада которууга мүмкүнчүлүк берет.
Борбордук шайлоо комиссиясы ыйгарым укуктуу банктарга жана Банктар аралык процессинг борборуна бул сунуштарды тез арада иштеп чыгууну жана конкреттүү чечимдерди кыска мөөнөттүн ичинде берүүнү суранды. Негизги максат — кайрымдуулук кылуу процессин жарандар үчүн да, талапкерлер үчүн да жеткиликтүү кылуу жана мындай механизмдерди кийинчерээк туруктуу негизде колдонууга мүмкүнчүлүк түзүү.
Жолугушууга Банктар аралык процессинг борборунун, «Элдик Банк» жана «А Банк» ААКсынын өкүлдөрү катышты.











