Villa Vie Residences америкалык компаниясы эки жыл мурун башталган «чексиз саякатты» күтүүсүздөн токтотту. APF агенттигинин маалыматы боюнча, жүргүнчүлөргө буюмдарын чогултуп, кемеден чыгууга жети гана саат берилген.
Круиз «чексиз саякат» катары жарнамаланган: каалоочулар каютаны эс алуу мезгилине же өмүр бою сатып ала алышчу. Айрымдар бардык мүлкүн сатып, кемеге көчүп келишкен.
Америкалык Рэнди Кассингем жубайы менен саякатка миллион доллардай коротуп, лайнерде 15 жылдан кем эмес жашоону пландаган. Эки жыл ичинде алар 65 өлкөнү көрүштү. Агенттик анын: «Эгер ишти кайра баштаса, кайтып келүүнү ойлонобуз» деген сөзүн келтирет.
Эгер ишти кайра баштаса, кайтып келүүнү ойлонобуз
1800 доллар айлык күйүүчү май чыгымы (мурда)
Компаниянын маалыматы боюнча, Иран менен согуш башталгандан кийин күйүүчү майдын баасы кескин жогорулаган. Бир каютага эсептегенде айлык чыгым 1800 доллардан 6000–8000 долларга чейин өскөн.
Бир жүргүнчүнүн айтымында, адамдарды шаардын борборуна алып барып, мейманканалардын тизмесисиз эле таштап кетишкен. Villa Vie болсо убактылуу баш калкалоочу жай табууга жардам берип жатканын билдирет.


















