Кыргызстанда кайра жаралуучу энергетика объектилеринде электр энергиясын өндүрүүдөн түшкөн кирешенин 1% жергиликтүү бюджеттерге багытталат. Бул тууралуу 4-ноябрда «Жашыл энергетика» фондунун директору Эмилбек Орозбаев Биринчи радионун эфиринде билдирди.

Электр энергиясын өндүрүүдөн түшкөн кирешенин 1% жергиликтүү бюджеттерге багытталат.
Эмилбек Орозбаев, «Жашыл энергетика» фондунун директору

Анын айтымында, тийиштүү ченем мыйзамдарда каралган жана жашыл энергетика объектилерине тарайт. Бул энергетикалык объекттердин ишинен түшкөн кирешенин бир бөлүгүн жергиликтүү бийлик органдарынын бюджеттерине багыттоого мүмкүндүк берет.

4,42 сом 1 кВт·с үчүн мамлекет тарабынан сатып алынган баа

Мындай станциялардын электр энергиясын мамлекет учурда 1 кВт·с үчүн 4,42 сомдон сатып алат.