Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өтүлгөн аппараттык жыйында пенсияларды индексациялаган соң убагында төлөнүшүн камсыз кылуу боюнча тапшырма берди.
Жыйында ошондой эле пенсионерлерге пенсияларды жогорулатуу маселеси каралып, билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына даярдыгы тууралуу маселе талкууланды.







