Иссык-Куль облусунун Тон районунда жайгашкан Туура-Суу айлында катуу жааган жаандан кийин сел чыгып, үч көпүрөнү жууп, 10-15 чакырымга чейин жол талкаланды. Бул тууралуу айыл башчы Эламан Эрлисбеков билдирди.

Анын айтымында, сел эки көпүрөнү тескей жерге жана бир көпүрөнү тоо тараптан алып кеткен. Жалпы жолдун узундугу 26-27 чакырым болсо, анын 10-15 чакырымы жараксыз абалда турат.

Учурда айыл тургундары азыр Балыкчыга түз баруу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, Маркса айлы аркылуу айланып өтүүгө мажбур болушу 65-70 чакырымга узартты. Бул алардын күнүмдүк жашоосуна олуттуу кыйынчылык алып келүүдө.