Бишкекте BURANA FASHION WEEK 2026 эл аралык мода жумалыгынын юбилейдик, онунчу сезону өз ишин баштады. Бул иш-чара Кыргызстан, Россия жана Казакстандын дизайнерлерин өзүнө кошту.
Бул жылдагы мода жумалыгынын негизги темасы катары «Эпос» тандалган. Иш-чаранын ачылышы кыргыздын «Манас» эпосун окуу менен башталып, катышуучулар өз коллекцияларын сунуштап жатышат.
Дизайнерлер өз чыгармаларында улуттук салттарды жана тарыхый мурастарды заманбап модалык чечимдер менен айкалыштырууга аракет кылышууда. Иш-чара эки күн бою ушундай коллекцияларды көрсөтүү менен уланат.







