АКШнын Борбордук командасы Ирандын ядролук программасы тууралуу маалымат бергендерге чоң суммадагы акчалай сыйлык берилерин билдирди. Бул демилге Мамлекеттик департаменттин «Адилеттүүлүк үчүн сыйлык» (Rewards for Justice) программасынын алкагында ишке ашырылууда.
Америкалык бийликтер Ирандын ядролук объекттери, андагы жабдуулар, программага катышып жаткан адистер жана алардын кыймыл-аракети тууралуу маалыматтарды кызыкдар кылып жатышат. Акчалай сыйлыктан тышкары, маалымат бергендерге башка өлкөгө көчүп отургузуу мүмкүнчүлүгү да сунушталышы мүмкүн.
Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүнө ылайык, Иран МАГАТЭ алдындагы милдеттенмелерин аткара электиктен улам, эл аралык инспекторлор ядролук программанын негизги компоненттерин, анын ичинде центрифугалардын өндүрүлүшүн жана запастарын үзгүлтүксүз көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн жоготуп калышкан.
Буга чейин АКШнын Президенти Дональд Трамп Ирандын ядролук объекттери толугу менен жок кылынганын бир нече жолу айтып келген. Ал 2025-жылы болгон 12 күндүк конфликт учурундагы согуштук аракеттердин натыйжасында уран байытуучу негизги объекттер толугу менен жок болду деп билдирген.
2026-жылы АКШ жана Израиль Ирандын ядролук объекттерине кайрадан сокку уруп, Вашингтон Тегерандын ядролук курал түзүүсүнө жол бербөө максатында аракет кылып жатканын айтты. Ал эми Иран өзүнүн ядролук программасы тынчтык максатында экенин баса белгилеп келет.









