Илон Маск миллиардер Мукеш Амбанинин «Индиянын чыныгы башчысы» экенине шек келтирди. Буга анын Starlink спутниктик интернет компаниясынын өлкөдө акыркы уруксатты алуудагы кыйынчылыктары себеп болду. Бул тууралуу Би-би-си кабарлады.
Маск бул билдирүүнү айткандан бир күн мурун, аты аталбаган таасирдүү бизнес топторун Starlinkтин Индия рыногуна чыгышына тоскоол болууга аракет кылышты деп айыптаган. Андан соң ал Амбаниге көңүл бурду. Анын Reliance конгломераты Индиядагы эң ири мобилдик байланыш оператору Jio'нун ээси.
Амбани жана Reliance Group Масктын билдирүүлөрүнө кандайдыр бир реакция көрсөтүшкөн жок. Би-би-си алардан комментарий сурады.
Бул чыр Индиянын спутниктик интернет рыногундагы атаандаштык күчөгөн маалда чыкты. Reliance Jio жана Bharti Airtel да өз кызматтарын ишке киргизүүгө даярданып жатышат.
Атаандаштык татаалдашып жатат, себеби Starlink ошол эле учурда Амбаниге таандык Reliance Jio жана Bharti Airtel компаниялары менен кызматташат.
2025-жылдын март айында эки компания тең SpaceX менен Starlink жабдууларын жана кызматтарын Индияда өкмөттүн уруксаты менен таратуу боюнча макулдашууларга кол коюшкан. Ошондой эле алар тармактык инфраструктураны биргелешип пайдалануу мүмкүнчүлүгүн карашарын билдиришкен. Би-би-си Bharti Airtelден да комментарий сурады.
Маск бул айыптоолорду биринчи жолу шаршемби күнү айтып, «кээ бир олигархтар» монополиялык абалды сактап калууга аракет кылып жатышат деп билдирген.













