Кыргызстандык фермерлер айыл чарба тармагын колдоо программалары жана мамлекеттик кызматтар жөнүндө маалыматты iDiykan санариптик платформасы аркылуу ала алышат. Бул платформа айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө керектүү кызматтарды бир жерге топтоону көздөйт.
Айыл чарба министрлигине караштуу «АгроСмарт» мамлекеттик мекемесинин бизнес-аналитиги Саадат Чекееванын билдирүүсүнө караганда, учурда тиркемеде «ФСХ-14» жеңилдетилген насыя программасы боюнча электрондук кезекке туруу мүмкүнчүлүгү ишке киргизилген.
Мындан тышкары, насыя алуу үчүн арызды тиркеме аркылуу түздөн-түз жөнөтүү функциясы иштелип жатат. Бул мүмкүнчүлүк ишке ашса, фермерлер документтерин электрондук түрдө тиркеп, арыздарын банктарга жөнөтө алышат, натыйжада ар кайсы мекемелерге барып убара болуунун зарылдыгы азаят.
Саадат Чекееванын айтымында, жаңы функция азырынча иштелип чыгуу баскычында турат. Ошондой эле келечекте платформага айыл чарбасын насыялоо боюнча башка программалар да этап-этабы менен кошулуп турат.









