Чүй облусунун Панфилов районундагы Тельман айылынын тургуну, 30 жаштагы Гүлзарида Арзыматова билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн балдардын чыгармачылык жөндөмдөрүн жасалма интеллект аркылуу өнүктүрүүгө аракет кылууда.

Гүлзарида 1996-жылы 3-сентябрда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Чет-Булак айылында төрөлгөн. Ал үй-бүлөдөгү төрт баланын улуусу болуп саналат. Бишкек шаарындагы Т. Сатылганов атындагы окуу-тарбия комплексинде окуган учурда немис тилин тереңдетип үйрөнүп, тилдик диплом алган.

Анын жашоосундагы бурулуш орто мектептен кийин болгон. Ал немис тилчиси болуп окуу үчүн Германияга кетүүнү пландаган, бирок тагдыр башкача чечим чыгарды.

Орто мектептен кийин Германияга котормочу болуп окууга кетүүнү пландап жатканда, улуу эжемдин кеңеши менен Бишкек мамлекеттик университетинин финансы-кредит бөлүмүнө кирдим. Биринчи курсту бүтүрүп, жайкы эс алууга Ысык-Көлгө барганда, ал кездеги жарым болгон жигитим мени Тельман айылына алып келди. 18 жашымда ак жоолук кийип, үй-бүлөлүк турмушка кирдим.
Гүлзарида Арзыматова

Үйлөнгөндөн кийин ал күйөөсү менен жарым жыл Санкт-Петербургде иштеген. Кийинчерээк айылдагы мектепке катчылык кызматына чакырылуу менен билим берүү тармагына кирип келген. Ал алгач башталгыч класстардын мугалими болуп иштеп, андан соң адистигин жогорулатуу менен информатика мугалими болуп иштеп жатат.

Учурда ал Карыпбек Жумагулов атындагы жалпы билим берүү мектебинде информатика мугалими болуп эмгектенүүдө.