Берлиндин Жер соту 69 жаштагы Франк С.ге 12 жыл эркинен ажыратуу жазасын берди. Жаза мөөнөтү аяктагандан кийин ал коом үчүн кооптуу деп табылып, превентивдүү камакка алынат. Бул анын эч качан боштондукка чыкпай турганын билдирет.
Тергөөчүлөрдүн маалыматы боюнча, Франк С. 58 аялды баңгизат аралашкан суусундуктар менен мас кылып, зордуктаган. Ал өз кылмыштарын видеого тартып, интернет аркылуу башка эркектер менен бөлүшкөн. Дал ушул жазуулар анын кармалышына себеп болгон.
Полиция алгач Франк С. менен чатта сүйлөшкөн кишини кармаган. Андан соң тергөөчүлөр Франк С.нин батирине тинтүү жүргүзүп, видеожазууларды тапкан. Жазууларда мас кылынган аялдар зордукталып жатканы көрүнгөн.
Баңгизаттын күчтүү таасиринен улам көпчүлүк жабырлануучулар эмне болгонун эстей алышкан эмес. Ошондуктан алар полицияга арыз менен кайрылышкан эмес. Кээ бирлери башынан өткөн окуяны эс тутумунан өчүрүп салышкан.
Тергөө аяктагандан кийин полиция кээ бир жабырлануучуларды таап, аларга чындыкты айткан. Ошондо гана аялдар өздөрүнө эмне болгонун билишкен.
Соттун чечими
Сот Франк С.ни 14 аялга карата 22 зордуктоо фактысы боюнча күнөөлүү деп тапты. Ага 12 жыл эркинен ажыратуу жазасы берилип, андан кийин превентивдүү камакка алуу чечими чыгарылды.
Франк С. дагы тогуз учурда аялдардын жеке жашоого болгон укугун бузган деп табылган. Бул анын видеолорун башкалар менен бөлүшүүсүнө байланыштуу.


















