HBO сериал боюнча жаңылыктарды бөлүшүп, Гарри Поттердин ата-энесинин ролдорун кимдер аткарарын билдирди. Джаспер Тэлбот Жеймс Поттердин образын жаратса, Ханна Чинн Лили Поттердин ролун аткарат. Бул тууралуу Deadline басылмасына шилтеме берип, 24.kg маалымат агенттиги жазып чыкты.
Мындан тышкары, актердук курамга Гарри Гилби кошулуп, ал Уизли үй-бүлөсүнүн экинчи уулу Чарли Уизлинин ролун аткарат. Бул каарман Молли менен Артур Уизлинин балдарынын арасында экинчи орунда турат.
Буга чейинки тасмаларда Гарринин ата-энеси негизинен эскерүүлөрдө жана айрым эпизоддордо гана көрүнгөн. Китепте айтылгандай, Жеймс менен Лили кичинекей Гаррини Лорд Волан-де-Морттон коргоп жатып курман болушкан. Лилинин курмандыгы сыйкырдуу коргоону жаратып, өлүмгө алып бара турган каргыш балага тийбей, кайра чагылып, кара сыйкырчыны денесиз калтырган. Ошол кол салуудан кийин Гарринин маңдайында чагылгандын изи калган.
Башкы ролдор жана башка каармандар
Сериалда башкы каарман Гарри Поттердин ролун Доминик Маклафлин аткарат. Гермиона Грейнджердин образын Арабелла Стэнтон жаратса, Рон Уизлинин ролун Аластер Стаут ойнойт. Ошондой эле долбоорго белгилүү актерлор катышып жатат: Жон Литгоу Альбус Дамблдордун, Жанет МакТир Минерва Макгонагаллдын, Паапа Эссиеду Северус Снейптин, ал эми Ник Фрост Рубеус Хагриддин ролдорун аткарышат.
Өндүрүш жана чыгаруучу топ
Сериал HBO, Brontе Film and TV жана Warner Bros. Television компанияларынын кызматташтыгында жасалууда. Сценарийдин автору жана аткаруучу продюсер — Франческа Гардинер. Марк Майлод аткаруучу продюсер жана бир нече эпизоддун режиссеру катары иштейт. Ошондой эле продюсерлердин катарында Жоан Роулиң жана Дэвид Хейман бар.
Сериалдын биринчи сезону «Гарри Поттер жана философтун ташы» романына арналат. Буга чейин биринчи сезондун тартуу иштери башталганы кабарланган.















